Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 28.09.2019 15:50

Кызыл-Кыяда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 28-сентябрда Кызыл-Кыя шаарында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чара эртең мененки саат 9:00дө мектеп окуучуларынын жана студенттердин жөө жүрүшү менен башталып, шаар мэри Эрмекбай Топчубаев, шаардык кеӊештин төрайымы Уулбү Дарипова жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери катышкан флешмоб менен уланды.

Салтанаттын алкагында боз үйлөр тигилип, мамлекеттик тилге арналган көргөзмөлөр, көркөм окуу сынактары, концерттик программа уюштурулду. Сынактардын жеӊүүчүлөрү акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Ага жергиликтүү бюджеттен 37 миң сом бөлүнгөн.

Эрмекбай Топчубаев шаар тургундарын куттуктап, кыргыз тилинде сүйлөөгө чакырып, Кубат Жакыповдун «Кыргыз тилим» чыгармасын көркөм окуду.

Ошондой эле шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлери концерттик программа тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×