Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 07.10.2019 11:17

Эл аралык Кызыл-Кыя—Фергана каттамы ачылды. Видео

Turmush -  Кызыл-Кыя—Фергана каттамы ачылды, деп билдиришти Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан.

Каттам 5-октябрь күнү ачылды. Салтанаттуу иш-чарага Кызыл-Кыя, Өзбекстандын Фергана облусунун Кува-Сай шаардык мэриясынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана транспорт жана жол башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

«Аталган каттам эки өлкөнүн достугун бекемдөө жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында ачылды. Каттамдын жол киреси 65 сом. Күн сайын Кызыл-Кыя шаарынан Ферганага 3 кичи автобус, Ферганадан Кызыл-Кыя шаарына 3 кичи автобус каттап турат. Каттамдын салтанаттуу ачылышында тургундар акысыз жеткирилди. Долбоор Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашты», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Буга чейин Ош—Андижан каттамы ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×