Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 01.11.2019 16:53

Кызыл-Кыяда милициянын 95 жылдыгына карата тартип сакчыларын сыйлашты

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата Кызыл-Кыя шаарында ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Мэриянын маалыматына караганда, иш-чара кызматтык милдетин аткарып жүрүп, кылмышкерлердин колунан каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү жана аларга куран окутуу менен башталды. Жалпысынан милиция кызматкерлеринин күнүнө карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 75 миӊ сом бөлүнгөн. Тактап айтканда, шаардык ички иштер бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыӊдоого 15 миӊ сом, милициянын ардагерлерине 50 миӊ сом, каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам көрсөтүү максатында 10 миӊ сом берилди.

Тартип сакчыларын кесиптик майрамы менен куттуктоо үчүн шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери да келип, белектерин тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×