Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 15.11.2019 16:52

Кызыл-Кыяда эл аралык чемпионатта коло медаль уткан балбан Ж.Аматовду сыйлашты

Turmush -  Түштүк Кореяда өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло байге уткан спортчу Жаныбек Аматовду кечээ, 14-ноябрда Кызыл-Кыя шаарында тосуп алуу аземи өттү.

Мэриянын маалыматына караганда, иш-чара жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду. Чемпионду Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев баш болгон жетекчилер, тургундар тосуп алышты. Алар спортчуларга ийгиликтерди каалап Жаныбек Аматовго 20 миӊ сом, Мухамедали Эргешов 500 сом акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×