Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 21.11.2019 09:23

Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылындагы мектептин жаӊы курулган ашканасы ачылды

Turmush -  Кечээ, 20-ноябрда Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылындагы М.Күреңкеев атындагы орто мектебинде жаӊы курулган ашкананын ачылыш аземи өттү.

Мэриянын маалыматына караганда, курулуш иштери 2019-жылдын май айында башталган. Ашканада балдарга ысык тамак даярдоого, азык-түлүктөрдү сактоого бардык шарттар түзүлгөн. Бул иштерди аткаруу үчүн дем берүүчү гранттын эсебинен 3,8 млн сом каражат бөлүнгөн. Иш-чарага шаардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты. Мэрия ашкананын курулушуна салымын кошкон адамдарга ардак грамоталарды тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×