Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 27.11.2019 15:42

Мекендештер: 19 жаштагы Элянур АКШдан билим алуу кыялын кантип орундатты?

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 19 жаштагы Элянур Гуламидинова. Ал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Учурда АКШнын Түштүк Дакота штатындагы Су-Фолс шаарында жайгашкан Августина (Augustana University) университетинде окуйт. Turmush басылмасынын кабарчысы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепте окуп жүргөндө эле чет өлкөлөрдө билим алууну кыялданып, билим берүү багытындагы түрдүү программаларга катышып келген.

«Кичинекей кезимде америкалык тасмаларды көрүп, бул өлкө тууралуу китеп, журналдарды, макалаларды окучумун. АКШда окусам деген кыялым бар эле. Мектепте окуп жүргөндө АКШ каржылай турган 9-11-класстын окуучулары катышкан Future Leaders Exchange (FLEX) программасынын тандап алуу турларына катышкам. 2 жыл катары менен катышып, акыркы турга жеткенде өтпөй калгам. Ошондо баары бир Америкага барып, билим алам деп максат койгом. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз–Түрк «Манас» университетинин англис тили факультетине бардым. Даярдоо курсунда жана 1-курста англис тилин үйрөндүм. Ошол учурда Америкада 1-2 семестр акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн бере турган Global UGRAD программасы жөнүндө угуп, өзүмдү дагы бир жолу сынап көрдүм. Бул программа боюнча жыл сайын Кыргызстандан 5 гана студент билим алат экен. Мен 3 турдан тең өтүп, балалык кыялымды орундаттым», - дейт ал.

Элянур Су-Фолс шаарында жашап жана окуп жаткан жалгыз кыргызстандык экенин айтты.

«Су-Фолс шаарында жашап жаткан жалгыз кыргыз экенмин. Мекендештерибиз Чикаго жана Нью-Йорк сыяктуу чоң шаарларда экен. Чикагого барганымда Мээрим аттуу кыргызстандык эже менен жолуктум. Ал мени үйүнө чакырып, үй-бүлөсү менен тааныштырды. Алардын айтымында, бул шаарда 5 миңден көп кыргызстандык жашайт экен. Бул жакка келген мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү университеттерде билим алса, кээ бири ар кандай кесиптерди аркалашат. Ал жердеги кыргыздардын арасында IT чөйрөсүндө жумушка орношуу популярдуу болуп жатканын айтышты», - деди Элянур.

Ал окуусун аяктаган соң Европа өлкөлөрүн кыдырам деген максаты бар. Үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×