Turmush — Ысык-Көл облусунун тургуну Нурай Сыртбаева жумушуна тоскоолдук жаратпаган, өзүнө жаккан иштен киреше тапканды өздөштүргөн. Анын 3 бөлмөлүү батири гүлгө толуп, көрк берип турат. Гүл сүйүүчү менен аймактык кабарчы маек курду.
Сыртбаева Нурай Сыртбаевна Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 1985-жылы туулган. Үй-бүлөдө 4 эркек баладан кийинки жалгыз кыз. Мындан улам кичинесинен үйдөгү гүлдөрдү сугарып, гүлгө жакын өскөн.
Нурай 10 жылга жакын Россия өлкөсүндө эмгектенип келген. Мекенине кайтып келгенден кийин турмуш жолуна аттанып, уулдуу болуп, декреттик өргүү учурунда гүл өстүрүү менен алектене баштаган.
«Кичинекей балам менен үйдө отурган кезде апам: “базарга барып, гүл сатып келели” деп калды. Негизи кыз балага апасы үлгү да. Апам өтө эмгекчил айым, жашы 70ке келсе да аракет кылып гүл өстүрөт жана колу да эптүү. Ошентип, алгач базарга гүл сатуу үчүн барганда өзүмдү ыңгайсыз сездим. Бирок жакшы соода болуп, көп киреше таптык. Апам андан кийин базарга өзү чыгып сатып жүрдү. Мен өзүнчө бөлүнүп, балам экөөбүз жашап калдык. Күндөрдүн биринде апам үйгө гүлдөрдү белек кылды. Ошол гүлдөрдү карап өскөнүнө суктанып жүрүп, гүл өстүрүүгө шыктандым. Интернет булактарынан маалыматтарды окуп, кызыгуум артып, анан кичине киреше таап баштагандан кийин гүлдөрдүн аталыштарынан бери билип калдым. “Кайсы гүлгө кандай көңүл буруу керек? Кайсы гүл жагымдуу гүлдөйт? Кайсы гүл күн же көлөкөнү жактырат?” деген суроолорго жооп издеп, ошого жараша гүлдөрдү өстүрүп, сатууга өттүм», - дейт ал.
Азыркы тапта Нурай айымда 30га жакын гүлдүн түрү бар.
«Алардын ичинен мен сүйүп жакшы көргөн гүлдөрүм бул фикус, бегония, молочай, бугенвиллия, дипладения жана герань гүлүнүн жаңы сорттору десем болот. Учурда ар жума сайын жайма базарга жана социалдык тайпалары аркылуу гүлдөрдү сатыкка коюп, кошумча каражат таап турам», - дейт ал.
Бөлмөгө жаңы гүл алып келгенде мурдагы оорулары, аны менен бирге келчү курт-кумурсканы да эске алуу керектигин айтат.
«Күндөрдүн биринде бир айымдын өздүк баракчасынан фуксия деген гүлдү көрүп, жактырып калдым. Өстүрүүнү көздөп, анан дарегин сурап, борбор калаага жөнөдүм. Ал гүлдүн ар бир түрүнөн 5тен, жалпы 50 түп алдым. Үйгө алып келип, баарын атайын идишке отургуздум. Ошондо бир нерсени эске албай калыптырмын. Бул гүл ак канаттар (белокрылки) деген куртту жакшы көрөрүн билбептирмин. Бир күнү бөлмөгө кирсем, ак канаттуу курттар бөлмөнү басып кетиптир. Ошондо ошол курттан кантип кутулууну билбей, 1 айдан ашык гүлдөрдү дарылап, көп гүлдөрүм ооруп куурап калган. Ошондуктан жаңы гүл аларда анын таржымалын, багуу жолун окуп алуу керек», - деди ал.
Гүлдөрдүн баалары сортуна, өскөнүнө, ачкан гүлүнө жараша болот. Анда 50 сомдон 4000 сомго чейинки гүлдөр бар.
«Ошондой эле сыртта өсүүчү гүлдөргө да кам көрөм. Тюльпан, наристе, пион, лилия жана розанын түрлөрүн өстүрөм. Ар бир гүлдү сугарып, жалбарактарынын чаңын сүртүп, алар гүл ачса кубанып келем», - дейт ал.
Каарманыбыз кесиби боюнча юрист. Азыркы тапта өз кесиби менен эмгектенет.