Turmush — Талас шаарындагы университеттин 5 кабаттуу жаңы имараты курулуп жатат. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын жазында университеттин эмгек жамааты облус жетекчилигине кайрылып, окуу жайдын имаратына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп берүү өтүнүшкөн. Бул маселе президентке жетип, мамлекет башчысы капиталдык оңдоонун ордуна жаңы 5 кабаттуу имарат куруу боюнча чечим кабыл алып, каржылык маселесин да чечип берген. Учурда жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн 5 кабаттуу имараттын пайдубалы түптөлүп, экинчи кабатынын курулушу уланууда.
Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн. Ал совет мезгилинен бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган. Ал эми бул педагогикалык окуу жай 1930-жылдары эле өз ишин баштаган. Демек университеттин билим берүү тармагындагы тарыхы 90 жылдан ашуун убакытты камтыйт.
Жаңы окуу имаратын Эгемендүүлүк майрамынын 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөө учурунда мамлекет башчысынын катышуусунда ишке берилет.