Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Рахат Орунтаева. Вьетнамдын Кханьхоа провинциясындагы Нячанг шаарында жашап, ишкерлип кылып жаткан Рахат Орунтаева.
Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулуп-өскөн. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин мектептердин биринде мугалим болуп иштеген. Үч жыл мурун жолдошу жана эки кызы менен чет өлкөдө ишкерлик кылуу максатында Вьетнамга көчүп барышкан.
«Менин бир тууган сиңдим 10 жылдан бери Вьетнамдын туризм борборлорунун бири болгон Нячанг шаарында коомдук тамактануучу жай ачып, ишин жакшы жолго коюп алган. Кийин бизди да чакырып калды. Мен борбордогу мектептердин биринде, ал эми жолдошум аэропортто иштечү. Ошентип, биз чечим кабыл алып, эки кызыбызды алып Вьетнамга көчүп келдик.
Мурунтан эле саякаттоону жакшы көрүп, туризмге жакын болгондуктан, кыялыбызды ишке ашырууну туура көрдүк. Бул жакка келгенде колдоп, жол көрсөткөн адамдар болду. Ошондуктан биз да кафе ачып, үч жыл аралыгында өз кардарларыбызды топтой алдык.
Кыздарыбыз эл аралык мектепте англис тилинде билим алышат. Ишкерликти баштап, бардык күчүбүздү жумшап чарчаганыбыз менен, моралдык жактан абдан эс алдык. Анткени вьетнамдыктардан үйрөнө турган адамдык баалуулуктар абдан көп экен.
Бул жакта адамдар жашоону оорлотпой, бири-бирине сый мамиле кылышат. Өтө сабырдуу жана жөнөкөй болушат. Байы деле, чиновниги деле жөнөкөй. Агрессия дээрлик жок. Мисалы, мен байк айдап жүрөм. Шаардын көчөлөрү байкка толгон, тыгын болсо да бири-бирин сыйлап, жол берип турушат, урушкан адамдарды көрбөйсүң. Бишкекте унаа айдагандан коркчумун, ал эми бул жакта байк менен ишенимдүү жүрөм.
Катуу суу каптоо болгондо да элдин сабырдуулугун көрдүм. Дүрбөлөңгө түшкөн киши болгон жок, өмүрдү сүйүп жашашат экен. Вьетнамдык кошуналарым менен жакшы мамиледемин. Кол алдымда иштеген вьетнамдыктар да абдан жакшы иштешет.
Туризм жаатында бул жактан өзгөчө жакшы нерселерди көрүп жатам. “Биздин өлкөдө да ушундай болсо” деп тилек кылам. Кыргызстан кандай гана кооз өлкө. Жолдошум экөөбүз келечекте туризм тармагына салым кошсок деп кыялданабыз.
Вьетнамга акыркы эки жыл ичинде эс алууга келген мекендештерибиздин саны көбөйүп жатканы кубандырат. Эс алууга келген бир жердешим: “Бул жерде баары күлүп-жайнап, жакшы мамиле кылышат экен” дегенде абдан сүйүндүм. Ар бир келген адам ушул жакшылыктарды өзүнө сиңирип кетсе, коом да өзгөрөт деп ишенем.
Жолдошум Чыңгыз Кадыркулов экөөбүздүн кыялыбыз — өз өлкөбүзгө барып, туризмге, өзгөчө тоо туризмине салым кошуу. Ошол оюбузду ишке ашыруу үчүн азыр бул жактан тажрыйбаларды сиңирип, үйрөнүп жатабыз», — деди ал.