Turmush — Кемин районуна караштуу Орловкада жаңы салынып жаткан аялдаманын бето полдорун белгисиз жарандар булгап, ар кандай жазуу жазып кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.
Ал эми «Орловка шаардык турак-жай коммуналдык чарбасы» муниципалдык ишканасы ата-энелерден балдарынын мындай аракеттерин тыюуну суранды.
«Учурда жаңы аялдамалар орнотулууда. Тилекке каршы курулуш иштери жүрүп жаткан учурда да бетон полдорго жазуулар, ысымдар пайда болууда. Элдин эмгегин жана жалпы мүлктү урматтоону суранабыз. Жаңы бетон жазуулар, сүрөт тартуу үчүн жер эмес. Мындай ар бир жазуу аялдаманын көркүн бузуп, аны жакшыртуу аракеттерин жокко чыгарууда. Ата-энелер балдарыңызга мындай аракеттер оюн эмес, материалдык зыян экенин түшүндүрүңүздөр», - деп айтылат маалыматта.
- Буга чейн Орловка шаарында жаңы аялдамалар курулуп жатканы белгилүү болгон. Анда шардын борбордук Кудряшова көчөсүндө жаңы 3 аялдама жана Фрунзе көчөсүндө 1 аялдама орнотулуп жатканы айтылган.