Turmush — Кочкор районуна караштуу Кара-Тоо айылынын тургуну Рахат Карабашов эки жылдан бери сөөлжан багуу менен алек. Анын иши менен аймактык кабарчы таанышты.
Каарманыбыздын айтымында, органикалык жол менен өстүрүлгөн азык-түлүктөргө талап жыл санап көбөйүүдө. Анткени алар адамдын ден соолугуна зыянын тийгизбейт. Органикалык жер семирткич менен өстүрүлгөн айыл чарба продукциясынын курамында пайдалуу витамин, минералдар сакталып калат. Биогумустун жардамы менен түшүмдү эки эсе алууга болот.
«2019-жылы Калифорния сөөлжанынан 60 кг сатып алып, иш баштагам. Сөөлжан тез көбөйгөндүктөн, даяр болгон биогумусту улам сатып туруу зарыл. Биогумус — бул сөөлжандын жардамы менен иштелип чыккан малдын кыгы. Ал жерди семиртүүгө, органикалык азык-түлүк алууга көмөк берет. Курамында азот, фосфор, калий, кальций жана башка көптөгөн элементтер бар. Аны жердин кыртышына жараша берет. Мисалы, биринчи жылы арык болгон 1 гектар жерге 7 тонна берсе, кийинки жылы 4 тонна, андан кийин 3 тонна берип турса, түшүмдүүлүк абдан жогору болот. Учурда дыйкандар биогумус менен химиялык жер семирткичтердин айырмасын жакшы өздөштүрүп калышты. Жаз айында биогумуска суроо-талап көп болуп, даярдоого убактыбыз жетпей калууда.
Биогумусту багуу боюнча интернеттен маалыматтарды алып, өздөштүрүп кеттим. Азыр үйрөнүүнү каалагандарга маалыматтарды берип, багууну үйрөтүп келе жатабыз», - деди ал.
Каарманыбыздын айтымында, калифорниялык сөөлжандар жылуулукту жактырышат. 20 градустан 40 градуска чейинки ысыкка чыдай алат.
«Мындан сырткары, биогумус алуу үчүн малдан чыккан кык (4 же 6 ай болгон) кагаз, картон, жалбырак, саман жана суу керек болот. Буларды аралаштырып таштап койсо, сөөлжандар өз алдынча иштеп, биогумус чыгара берет. Бирок карабай таштап коюуга да болбойт. Кислоталык өлчөмү (pH) көбөйүп кетсе, сөөлжандар ооруп калат. Андыктан атайын прибордун жардамы менен текшерип туруу керек. Өсүүсү токтогон, ферменттелген азыктар менен тамактанат», - дейт Рахат Карабашов.