Turmush — Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Айданек» бала бакчасынын аймагына 50 орундуу кошумча имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бала бакча «CASA-1000» жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбоорунун Социалдык-экономикалык инфратүзүмдү жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү чыңдоо багытында аткарылуучу иш-чараларынын алкагында курулууда. Долбоорго Баткен облусунан «CASA-1000» жогорку чыңалуудагы электр линиясынан 1500 метр аралыкта жайгашкан 29 айыл кирген.
Аталган иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков, шаардык кеңештин төрагасы Ж.Калматов жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
-
Курулушту «Мираж-Профи» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзөт. Тендердик баасы: 18 млн 993 миң 493 сом.
-
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Мираж-Профи» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү — Абдыкаров Чыңгыз Мийзамидинович. Компания 2022-жылы 3-мартта кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.