Turmush — Ош шаардык мэриясынын ишкерлерге болгон өткөн жылкы карызы республикалык бюджет менен Турукташтыруу фондунан төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Оштогу ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
Буга чейин шаардын инфраструктурасын жакшыртуу иштерин жүргүзгөн курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда карыз маселесин чечүү зарылчылыгы айтылган.
Объекттерди курган, шаар көчөлөрүнө асфальт төшөгөн, тосмолорду орноткон жана унаа базарынын абалын жакшыртуу иштерин жүргүзгөн курулуш компанияларынын өкүлдөрү карыздын суммасын ачыкташкан. Алар 6 миллион сомдон 300 миллион сомго чейин жетет. Мындай ири подрядчылардын саны 10дон ашат.
Бардык иштер параллелдүү долбоорлоо принциби боюнча башталган. Муниципалитет курулуш компанияларына иштин жыйынтыгы менен акы төлөп берүүнү убада кылып, жумушту баштоону сунуштаган. Мэриянын жетекчилиги алмашгандан кийин төлөмдөр токтоп калган.
Орунтаевдин айтымында, алгач объекттердин мыйзамдуулугу текшерилип, жумуштун чыныгы көлөмүнө жараша акчалары берилет.
«Өзүңүздөргө маалым болгондой, 2025-жылы Ош шаарында көптөгөн курулуш иштери жүрүп, бирок аягына чыкпай, бүгүнкү күнгө чейин маселелерди жаратып келген. Алардын ичинен 10го жакын объектте курулуш иштери аягына чыгып, бирок ишкерлер акчасын алыша элек. Ошондой эле 24 объектте курулуш иштери башталып, аягына чыга элек. Кандайдыр бир себеп менен аягына чыкпай калган курулуштар да бар.
Курулуш иштери бүтүп, бирок акча каражатын албай келген ишкерлердин курулуш иштери боюнча айтсам, бул объекттердин көпчүлүгүнүн долбоордук-сметалык документтери жок. Ошонун негизинде акчаны мэрия бере албай калган. Мындан сырткары, 24 объекттин курулуш иштери башталган, бирок, тиешелүү документтери бүтпөй келген. Аны менен кошо дагы бир жолу кайталайм, ошол 9 курулуш боюнча, 24 объект боюнча да, биринин да тиешелүү документтеринин пункттары аткарылган эмес.
Ошондой эле 3 күн мурун биз маалыматтардын баарын чогултуп, президентке жеткирдик. Президентибиздин атайын тапшырмасына ылайык, бардык курулуштар боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү алып келдик. Ал көрсөтмөлөргө ылайык, биз жумушту эки этапка бөлөбүз», - деди ал.
Биринчи этабы: курулуштар жүрүп жаткан, бирок аягына чыга элек объекттер болот. Алардын баары Курулуш министрлигинин карамагына өткөрлүп, министрлик тарабынан тиешелүү документтер чогултулуп, курулуш иштери аягына чыккандан кийин гана акча каражаттарын туура бөлүп берүү боюнча иш алынып барылат.
Экинчи этабы: курулуш иштери аягына чыккан 9 объект. Бул объекттер боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, курулуштун тиешелүү документтери текшерилип, туура болгондон кийин гана акчасы бөлүнүп берилет.
«Бул курулуш иштеринин каржы булагы чечилди. Республикалык бджеттен жана президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилет», - деди Орунтаев.
Ошондой эле министр Ош шаарынын мэриясынын имаратынын курулуш иштерин Президенттин иш башкармалыгы улантарын кошумчалады.
----------------------------------------------------
2026-жылдын 4-мартында Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында карыз тууралуу маселе көтөрүлгөн. «Мурас» фракциясынын депутаты Бекболот Арзиев 2025-жылдагы болжол менен 1,5 млрд сомдун тегерегиндеги шаар карызы кыска убакытта кантип көбөйүп кеткенине кызыккан.
Мэр Жанарбек Акаев карыз маселеси боюнча Эсептөө палатасы тарабынан текшерүү иштери башталганын, анын жыйынтыгы боюнча жооп берерин билдирген.
Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги алмашкандан кийин муниципалитеттин көп өлчөмдө карызы бар экени тууралуу маалымат тараган.
----------------------------------------------------
2026-жылдын 9-мартында Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев Turmush басылмасына берген комментарийинде мэр болуп турган учурда мэрия өкмөттөн жылдык 1 пайыз менен алты жылдык мөөнөткө жана бир жылдык жеңилдетилген (льготтук) мезгил менен 2 млрд сом кредит алынганын тастыктаган.
Анын айтымында, бул каражат шаар инфраструктурасын оңдоого багытталмак. Бул үчүн өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кат жазылып, депутаттардын колдоосу менен каражат бөлүнгөн. Акча эки бөлүк менен 1 млрд сомдон берилген.
«Бул 2 млрд сомдун 1 млрд 100 млн сомун Ош шаардык жолдор башкармалыгына бергенбиз. Андан сырткары 300 млн сомду жергиликтүү бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан алынган 2 млрд 200 млн сомдун 100 млн сомун да жолдор башкармалыгына бергенбиз. Калган 100 млн сом капиталдык курулуш башкармалыгына берилген. Натыйжада шаарда көп көчөлөр оңдолуп, жалпысынан 70 көчө жасалды», - деген Токторбаев.
----------------------------------------------------
Ош шаардык мэриясы 2 млрд сом насыя алуу үчүн төрт муниципалдык ишкананы күрөөгө койгон.
Насыя алуу үчүн күрөөгө коюлган муниципалдык ишканалар:
- Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты;
- Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы;
- «Ошшаарсууканал» ишканасы;
- «Ош автобекети».
Ош шаардык кеңеши 2025-жылдын 20-июнунда №51 токтом кабыл алып, муниципалдык ишканаларды күрөөгө коюуга макулдук берген.
Turmush 2026-жылдын 3-мартында Ош мэриясынын жана президенттин Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты жайгашкан административдик имараттагы курулуш иштери токтоп калганын жазган.
Буга чейин имараттын алдыңкы фасады толук жаңыланып, чатырына күн панелдери орнотулган болчу. Учурда имараттын 4 кабатында тең курулуш иштери тең токтоп, коридорлорунун дубалдарына рейкалар орнотулган абалда турат. Имараттын айрым кабаттарында курулуш материалдары да турат.
2025-жылдын 5-ноябрында Ош мэриясы аталган имараттын эскиздик долбоорун жарыялап, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканын билдирген
- 2025-жылы бул имарат Мамлекеттик мүлк фондунан Ош мэриясынын балансына өткөн.
Оңдоп-түзөө иштерине канча акча бөлүнгөнү тууралуу так маалымат жок. Расмий эмес маалыматтарга караганда, 190 млн сом каралган.
Бул имарат курулгандан бери 70 жылга жакын убакыт өтсө да капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
------------------------------------------------------------------
Женишбек Токторбаев 2026-жылдын 18-февралында Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулган. Ал бул кызматка 2025-жылдын январь айында дайындалган болчу.
Ош шаарынын мэри кызматына Жанарбек Акаев дайындалды.
Кадрдык чечимдер президент тарабынан кабыл алынды.